Негизгиси – катышуу

Кыз ала качуу

Teen Lab

Баласыз айыл

БИШКЕК / 20 - 25 СЕНТЯБРЯ
Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ КИНО ҮЙҮНДӨ КИНОТАСМАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮ ЖАНА ТАЛКУУЛАР

Alternativa
Screenings

Кээде жөн гана көрүү жетишсиз. Эң негизгиси катышуу. Бул жылы биз сизди жөн эле кино көрүү үчүн эмес, көптөгөн тагдырларга, окуяларга, талкууларга катышууга чакырабыз. Сиздерди чектеген көнүмүш абалдан чыгып, Alternativa Film Awards сыйлыгынын номинанттары жана жеңүүчүлөрү менен бирге ар бир адамды кызыктырган суроолорго жооп издөөгө чакырабыз.

Кино.
Талкуу

Биз кино дүйнөнү өзгөртө алат деп ишенебиз. Келгиле, азыртан аны өзгөртүп баштайлы. Сизди кызыктырган тасмаларды тандап, көрсөтүүлөргө катталып, аларды адистер жана башка көрүүчүлөр менен чогуу талкуулаңыз.

Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ КИНО ҮЙҮ
ЯКОВ ЛОГВИНЕКО КОЧЕСИ, 13

Кинотасмаларды көрсөтүү жана талкуулар

15

саат социалдык мааниси бар кинотасмалар

10

Каалоочулардын баары катыша ала турган талкуу

Сиз 2023 Alternativa Film Awards сыйлыгынын номинанттарынын жана жеңүүчүлөрү тарткан киинотасмаларга жана кызыктуу талкууларга күбө боло аласыз.

Жадыбал

Дата

Көрсөтүү

Кинотасма

Коомдук талкуу

20-сентябрь

Кыз ала качуу + Кийинкиси ким?

Көрсөтүү

18:00-20:30

Кыз ала качуу + Кийинкиси ким?

Реж. Мирлан Абдыкалыков

Кыргызстан

Реж. Нуржамал Карамолдоева, Султан Усувалиев
Кыргызстан

20:30-21:30

Борбор Азиядагы аял: коомдун толук кандуу мүчөсүбү же салттын туткунубу?

Көрсөтүү азыркы Борбор Азиядагы ала качуу салтын чагылдырган эки тасманы бириктирет. Талкууга катышкандар зордук-зомбулук практикасын жана бүтүндөй аймактагы аялдардын абалын талкуулашат. Коом теңдик үчүн өзгөрүүгө даярбы же жокпу? Кино буга кантип жардам бере алат деген суроолорго жооп издешет.
Модератор:
Жазгүл Ибраимова, медиа изилдөөчү, киносынчы
Баяндамачылар:
Назира Айтбекова, киноактриса, телеалпаруучу
Султан Усувалиев, киносынчы, продюсер, режиссёр, “Кийинкиси ким?” тасмасынын автору
Бегайым Замирбек - феминист, активист, «Вторая смена» подкастынын автору

Катышуу

21-сентябрь

«Alternativa Teen Lab» кинопрограммасы

Көрсөтүү

14:15-15:30

«Alternativa Teen Lab» кинопрограммасы

Реж. Alternativa Teen Lab
2023, 2024 катышуучулары

15:30-16:30

Азыркы өспүрүмдөрдүн эмнени кыялданышат жана эмнеден чоочулашат?

Alternativa Teen Lab программасынын алкагында жаш авторлор тарткан тасмаларда Борбордук Азиянын өспүрүмдөрүнүн үмүттөрү, тынчсыздануулары жана кыялдары чагылдырылган. Жаңы муун кино аркылуу бизге эмнени айткысы келет? Алар менен кантип жалпы тил табууга болот? Өспүрүмдөр менен иштөө боюнча адистер жана кино авторлор көрүүчүлөр менен бул маселелерди талкуулашат.
Баяндамачылар:
Толкун Дайырбекова, “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалынын директору

Катышуу

21-сентябрь

Баласыз айыл

Көрсөтүү

17:00-18:20

Баласыз айыл

Реж. Реза Джамали

Иран

18:25-19:30

Маанилүү маек: репродуктивдүү ден соолук боюнча билимдин жетишсиздиги менен кантип күрөшүү керек

"Баласыз айыл" комедиясы олуттуу теманы козгойт - көп учурда репродуктивдүү ден соолук жөнүндө билимдин жоктугу жана жашоонун бул чөйрөсүн ачык талкуулоодон уялуу жубайлардын, ал тургай бүтүндөй жамааттардын ортосунда ажырымга себеп болот. Адистер бул маселелер боюнча ар түркүн муундардын маалымдуулугун кантип көтөрүүгө, үй-бүлөлөрдүн жана коомчулуктун бүтүндүгүнө зыян келтирген калпыс түшүнүктөргө каршы кантип күрөшүүгө болоорун талкуулашат.
Спикерлер:
Сумсарбек Мамыралиев - активист, ресторатор, ишкер
Жамиля Мадалбекова

Катышуу

21-сентябрь

Бооруна салуу

Көрсөтүү

20:00-21:55

Бооруна салуу

Реж. Асхат Кучинчиреков

Казахстан

22:00-23:00

Ата-энелер жана балдар: каада-салттар жана заманбап жашоо Борбордук Азиядагы муундардын ортосундагы байланышка кандай таасир тийгизүүдө?

«Бооруна салуу» тасмасынын сюжетинин өзөгүндө бүгүнкү күндө да жоюла элек, тун баласын чоң ата-чоң энесине берүү салты жатат. Тасма салт менен кошо өз балдарын чоң ата-чоң энесинин колуна карматып, акча табуу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан жаш ата-энелердин көйгөйлөрүн камтыйт. Мындай жагдай үй-бүлөлөргө кандай таасир этет? Өз атасы менен апасына бөтөн болуп калган балдар кантип чоңоюшат? Канткенде алар чогуу боло алышат? Алар акыр аягында бир үй-бүлө болуп жашап калган учурда өз ара мамилелерин жакшыртуу үчүн эмне кылыш керек?
Спикерлер:
Асхат Кучинчиреков - "Бауырына салуу" тасмасынын режиссёру, актёр
Нурсултан Абдимиталип - тарыхчы
Акжол Бекболотов – оператор, режиссер, продюсер, “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын директору. Т. Океева

Катышуу

22-сентябрь

Alternativa Film Awards 2023 кыска метраждуу фильмдер программасы

Көрсөтүү

14:30-15:55

Alternativa Film Awards 2023 кыска метраждуу фильмдер программасы

Реж. Толомуш Жаныбеков, Гузель Дуйшенкулова, Рустем Дастанулы, Томирис Орозоева, Дастан Мадалбеков, Шугыла Сержан

16:00-17:00

Борбордук Азиянын жаңы киносу: темалар, дымактар жана перспективалар

Программада кинотасмалардын авторлору эмгектеринин темаларын кантип тандашканын, дүйнөнү өзгөрткүлөрү келеби же жокпу жана аны кино аркылуу өзгөртүүгө болооруна ишенишеби сыяктуу темалар тууралуу айтып беришет. Ал эми көрүүчүлөр аймакта тартылып жаткан кинотасмалардан эмнелерди күтүшөөрүн талкуулай алышат.
Спикерлер:
Томирис Орозоева - "Базар" тасмасынын режиссеру
Дастан Молдабеков - "Атасынын уулу" тасмасынын режиссёру
Сагынбек Уланов - режиссёр, сценарист
Нурбек Иманов - киносынчы

Катышуу

22-сентябрь

Inner Drive

Көрсөтүү

17:30-18:30

Inner Drive

Реж. Тео Пападоулакис

18:30-19:30

Дүйнөнү өзгөртүүгө аракет кылуунун кереги барбы?

"Inner Drive" тасмасынын каармандары дүйнөнү өзгөрткүлөрү келет. Ийгиликке болгон ишеним аз болсо да, мындай адамдарга эмне күч жана дем берет? Бул жолду кантип тандаш керек жана пикирлеш адамдарды кайдан издөө керек?

Модератор - Канат Ногойбаев, Cabar.asia сайтынын автору, InVision компаниясынын PR менеджери

Баяндамачылар:
Данияр Аманалиев, Ололо компаниялар тобунун тең негиздөөчүсү жана бизнес-дирижеру
Урмат Насыкулов, ишкер, социалдык ишкер
Сабина Темиралиева, кондитер, ишкер, блогер

Катышуу

12 жума

12 недель

Көрсөтүү

20:00-21:45

12 недель

Реж. Анна Исабель Матутина

Филиппины

21:45-22:45

Пландаштырылбаган кош бойлуулук: татаал тандоодо кантип жалгыз калбаш керек

"12 жума" тасмасынын окуясы абортко тыюу салынган Филиппин өлкөсүндө болуп өтөт. Кыргызстанда мыйзам боюнча аял боюнан алдырып кое алат. Бирок иш жүзүндө мындай тандоого туш болгон аялдар көп учурда маалыматтын жетишсиздигине, үй-бүлөнүн жана коомдун кысымына кабылып келишет. Мындай абалдын жакшы жана жаман жактарын таразалоо үчүн кимге кайрылуу керек? Психологиялык жардамды кайдан алууга болот? Чечим кабыл алууда кийин өкүнбөө үчүн эмнелерди эске алуу керек?
Модератор:
Айзат Русланова, IDEA Борбордук Азия уюмунун аткаруучу директору
Элина Туралиева, TEENS долбоорунун башкы редактору
Тынчтык Бакытов, психолог, гендер боюнча адис

Катышуу

23-сентябрь

Кышкы каникул болбойт

Көрсөтүү

19:00-20:20

Кышкы каникул болбойт

Реж. Раджан Катхет, Сунир Пандей

Непал

20:20-21:00

Алыскы айылдардан жашоо агымы кайда агып жатат?

Тасманын каармандары – кыш айларында, ээн калган тоолуу айылда жашаган эки улгайган аял. Тасманын окуясы Непалда болгону менен, анда чагылдырылган абал бардык жердеги алыскы айылдарда болуп жаткан окуяларга абдан окшош. Эмне үчүн дүйнө жүзү боюнча жана Борбор Азиядагы айылдар ээн калууда? Биз муну өзгөртө алабызбы? Өзгөртүүгө аракет кылуунун кереги барбы?

Баяндамачылар:
Айбек Аскарбеков, укук коргоочу
Медер Алиев, Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы, юрист

Катышуу

24-сентябрь

Вахан туткуну

Көрсөтүү

20:00-21:40

Вахан туткуну

Реж. Жаныл Жусупжан

Кыргызстан

21:40-22:40

Кайрылмандар эмнелерге дуушар болушат?

Тасманын каарманы — Афганистандан өзүнүн тарыхый мекенине көчүп барып, бирок ал жактан өз бактысын таба албаган кыргыз. Жасаган тандоодон күмөн саноо, иденттүүлүгүн жоготуу, бүдөмүк келечек - репатрианттар дуушар болгон көйгөйлөр. Мындай тагдыр кайрылмандарды да күтүп турат. Талкуунун катышуучулары кайрылмандардын көйгөйлөрү жана алардын жергиликтүүлөргө жуурулушуп жашап кетишине коом кантип жардам бере алары тууралуу талкуулашат.
Спикерлер:
Жаныл Жусупжан, документалист, «Вахан туткуну» тасмасынын режиссеру
Мукарам Токтогулова, антрополог
Асель Жураева, режиссер, сценарист, антрополог

Катышуу

25-сентябрь

Cotton 100%

Көрсөтүү

19:00-20:10

Cotton 100%

Реж. Михаил Бородин

Узбекистан

20:15-21:15

Борбор Азиядагы эмгек укуктары: алар кантип бузулууда жана аларды коргоого ким жардам берет?

“Cotton100%” тасмасы өзбекстандык пахтачылардын кандай катаал шартта иштээрин чагылдырган. Эмгек укугу жаатындагы көйгөйлөр Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү үчүн деле актуалдуу. Талкуунун жүрүшүндө адистер жумушчулардын укуктары көбүнчө кантип бузулуп жатканын, аларды коргоого кимдер жардам берип жатканын жана аймактагы бул жааттагы абалды нормалдаштыруунун келечегин талкуулашат.
Баяндамачылар:
Исмаил Карыпов - Internews Networkтун Кыргызстандагы кызматкери, медиа адис, экологиялык активист
Асел Сартпаева - эмгек укугу боюнча адис
Евгения Ли - Кыргызстандагы тилектештик борборунун директорунун орун басары

Катышуу